АКШда эшек Перри 30 жашында өлдү. «Шрек» мультфильмдериндеги эшектин прототиби болгон жаныбар ооруп калгандыктан эвтаназия кылышып, өлгөнүн «Пало Альто» басылмасы жазды.
Перри 1997-жылдан бери Калифорниянын Пало-Альто шаарындагы эшектердин короосунда жашап келген. Маалыматка караганда, эшек туяк оорусунан жапа чеккен. Ал жаныбар чыдай алгыс оору жараткан. Ошондой эле арткы сол буту да ооруп калгандыктан, аны көп учурда өйдө көтөргөндүктөн, оң капталына кошумча салмак кошкон.
Кызматкерлер анын оорусун жеңилдетүүгө бардык аракеттерин кылышкан. Массаж, лазер терапия, ийне да жардам берген эмес. Акыры ага ийне сайып өлтүрүүгө туура келген.