Шри-Ланкада президенттин отставкасын талап кылган митингчилер резиденцияны басып алышты (видео)

Шри-Ланкада президентти  Готабая Раджапаксанын отставкага кетүүсүн талап кылган миңдеген митингчилер резиденцияны басып алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, президент эл келгенче чейин резиденциядан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Раджапакса азырынча расмий түрдө Шри-Ланканын президенти деп саналып, аны аскерлер кайтарууда. Бирок анын кайда экендиги айылбайт.

Бүгүн, 9-июль күнү миңдеген митингчилер өлкөдөгү кризистик абалга байланыштуу Коломбо шаарына каршылык акциясына чыгып, өлкөнүн президенти, премьер-министри жана жалпы өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылган. Учурда чоң кризисти башынан өткөрүп жаткан Шри-Ланкада күйүүчү май, дары-дармек, азык-түлүк тартыштыгы күч алууда.

v-shri-lanke-protestuyushie-vorvalas-v-rezidencziyu-prezidenta-shrilanka-protest-miting.mp4" />