Шри-Ланканын президенти жана премьери отставкага кетүүгө макул болушту

Шри-Ланканын президенти Готабая Раджапакса жана премьер-министри Ранил Викрамасингхе нааразылык акциялардан улам отставкага кетүүгө макул болушту. Аталган өлкөдө экономикалык кырдаалга нааразылык билдирген чоң протесттик акциялар башталган.

Кечээ, 9-июлда Шри-Ланканын президенти Готабая Раджапакса жакынкы күндөрү, тагыраагы 13-июлда отставкага кетерин парламенттин спикери билдирди. Ага чейин өкмөт башчысы партиялык лидерлердин талабы боюнча кызматтан кетүүгө даяр экендигин айткан.