Шри-Ланканын президенти өлкөдөн чыгып кетти

Шри-Ланканын президенти Готабая Раджапакса өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Готабая Раджапакса жубайы жана коопсуздук кызматынын коштоосу менен өлкөдөн чыгып кеткен. Кетер алдында президент отставкага кетүү тууралуу арызын калтырып кеткен. Ал өз каалоосу менен бүгүн, 13-июлдан баштап кызмат ордунан кетти.

Шри-Ланканын жаңы президентин шайлоо 20-июлга белгиленген.

9-июлда Шри-Ланкада президент Готабая Раджапаксанын отставкага кетүүсүн талап кылган миңдеген митингчилер резиденцияны басып алышкан.