Америкалык актёр жана саясатчы Арнольд Шварценеггер жубайы Мария Шрайвер менен он жылдык соттошуудан кийин расмий түрдө ажырашканын дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Жубайлар 2011-жылы Шварценеггердин үй кызматчысынан уулдуу болгондугу тууралуу маалымат ЖМКларга чыккандан кийин ажырашканын жарыялашкан. Арадан он жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин жубайлар расмий ажырашышты. Соттун мындай узакка созулушун мүлктү бөлүштүрүү боюнча талаш-тартыштарды чечүүнүн кыйынчылыгы менен түшүндүрдү. Соттук териштирүүгө болжол менен 400 миллион доллар катышып, натыйжада мүлк экиге бөлүнгөн. Жубайлар 1986-жылы баш кошуп, төрт балалуу болушкан.