Канаттуу дээрлик эл аралык жаңжалдын себеби болуп калышы мүмкүн болчу. Эфиопияда Швециядан барган чардак кармалып, тыңчы деп шектелгенин Tengrinews.kz жазды.
Мунун баары Эфиопиядагы кыштактын жашоочулары аркасына кандайдыр бир электрондук аппарат илинген канаттууну байкаганда башталган. Адамдар муну тыңчы деп ойлошуп, канаттууну кармап, «көз салуучу аппаратты» изилдеп чыгышкан. Алар гаджеттен электрондук почтанын дарегин таап, ага жүздөгөн ачууланган каттарды жөнөтүшкөн.
Бирок сөз болуп жаткан электрондук почта Швециянын жаратылышты коргоо тобуна таандык экени, ал эми канаттуудагы “шпиондук аппарат” келгин канаттуулардын миграциясын көзөмөлдөөчү кадимки трекер экени белгилүү болгон.