Швейцария парламенти бетти жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алды. Анын ичинде хиджаб кийүүгө тыюу салуу да бар. Бул демилгени калктын басымдуу бөлүгү колдоп келгенин дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Bloomberg белгилегендей, консервативдүү Швейцариянын Элдик партиясы тарабынан сунушталган мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда ал мусулмандардын сынына кабылган. Ислам кыз-келиндер тобунун басма сөз катчысы Инес аш-Ших “Швейцарияда паранжа кийген 30 гана аял бар” деп ырастады.