Социалдык тармактарда беткапчан кишинин шымкенттик көп балалуу атага жардам берген видеосу популярдуу болууда. Мындайды күтпөгөн адам көз жашын тыя алган жок. Кененирээк Massaget.kz сайты жазды.
Арман менен жубайынын үй-бүлөсүндө жалпысынан беш бала бар, кичүү баласы тубаса жүрөк оорусу менен төрөлгөн. Үй-бүлөнүн атасы өзү да мындан бир аз мурун кырсыкка кабылып, анын кесепетинен көптөгөн жаракаттарды алып, экинчи топтогу майып болуп калган.
Кыйынчылыктарга карабай атасы иштеп, үй-бүлөнү багат. Ал күнүнө 6000 теңгеге унааны ижарага алат. Аялы жана балдары менен бир бөлмөлүү батирди 50 миң теңгеге ижарага алышат.
«Эң кичүүсү жүрөгү оорулуу төрөлгөн.Үч айлык болгондо дарыгерлер түтүкчө салып коюшкан. Азыр анын жардамы менен дем алып жатат .Кырсык болуп, колу-бутум сынып жатканымда жаным кейип кетти. Азыр баламды көрүп, жаны кейип кетти деп ойлойм»,- дейт ата.
Бет капчан жаран үй-бүлө тууралуу алдын ала билип, ал баласынын операциясына керектелүүчү акчаны берген. Муну күтпөгөн ата ыйлап жиберген. Учурда ата баласы менен дарыланып жатат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram