Сиэтл-Стамбул багытындагы учакты башкарып бара жаткан учкуч көз жумду

Түрк аба жолдорунун учкучу Сиэтлден Стамбулга учуп баратканда каза болгонун авиакомпаниянын өкүлү Яхья Устун социалдык тармактагы баракчада билдирди.

Рейстин командири Ильчехин Пехливан Airbus 350 учагын башкарып бара жаткан. «Учкуч <…> учуу учурунда эсин жоготкон. Биринчи медициналык жардам жардам бербей калганда учактын экипажы авариялык конууну чечкен. Капитан конгонго чейин каза болгон», — деп жазган Устун.

Учак Нью-Йоркко шашылыш конгон. Пехливан 59 жашта болгон жана 2007-жылдан бери Түрк аба жолдорунда иштеген. 8-октябрда ал медициналык кароодон өткөн, ден соолугуна байланыштуу эч кандай көйгөйлөр аныкталган эмес.