Signal мессенжери бир иштеп, бир иштебей жатат

Signal мессенжери бир иштеп, бир иштебей, анын колдонуучулары билдирүүлөрдү жөнөтө албай жатышат. Бул тууралуу Downdetector жазды.

Signal компаниясы да социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мессенжердин ишинде көйгөй жаралып жатканын ырастап, сервис техникалык кыйынчылык тартып жатканын билдирди. Анда жазылганга ылайык, бир иштеп, бир иштебей калуусу мессенжерде жаңы колдонуучулар миллиондоп катталып жаткандыгына байланыштуу.

Акыркы учурда WhatsApp мессенжери купуялуулук тууралуу саясатын жаңылаган соң, анын колдонуучулары башка мессенжерлерге агылып кете баштаган. Алсак, буга чейин Telegram кыска убакыттын ичинде колдонуучулары миллиондоп көбөйүп жатканын маалымдаган болчу. Аталган мессенжер 13-январда соңку 72 сааттын ичинде 25 миллион колдонуучу катталганын, жалпы активдүү колдонуучулардын саны 500 миллиондон ашканын билдирген.