Синьцзян полициясынын маалымат базасына чабуул жасалып, миңдеген сүрөттөр ачыкка чыкты

Адриан Ценц аттуу репрессига кабылган этникалык уйгурлар жөнүндө изилдеген окумуштуу-антрополог Кытай бийлигинин Синьцзян лагери тууралуу жашыруун маалыматтар ачыкка чыгып кеткенин айтып чыккан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ценцке далил маалыматтарды Синьцзян-уйгур автономдук аймактагы 2 полиция башкармалыгынын компьютердик системине чабуул жасаган хакер берген. Окумуштуу жашыруун файлдарды көчүрүп алып, атайын сайт түзүп, алган маалыматтын баарын сайтка жүктөгөн. Сайтта полиция бөлүмүндө тартылган 5 миңден ашуун адамдардын сүрөттөрү, лагердеги персоналдар тууралуу маалыматтар, 20 миңден ашуун уйгурлардын эркинен ажыратылганы тууралуу документтер, андан сырткары 452 таблицадан турган жазага тартылгандардын маалыматтары жазылган.

Бул база 2019-жылдын башында түзүлгөнү айтылат. Сүрөттөрдөн союлчан, куралчан сакчыларды көрүүгө болот. Жаза китепчесине жазылган маалыматтарга караганда, элди диний китептерди окуганы үчүн, мыйзамсыз лекцияларды укканы, экстремисттик көз карашы, каршы пикирди жараткан провокациялык ойлору сыяктуу себептер менен камашкан. Мындай жоруктары үчүн аларды 25 жылга чейин кесишкен.

Эл аралык иликтөөчү-журналисттердин берген маалыматына ылайык, 2019-жылга карата Синьцзянда соттун чечими жок камалган жарым миллиондой адам бар. Алардын басымдуу бөлүгү мусулмандар: этникалык уйгурлар, казактар, кыргыздар.

Кытай Эл республикасынын бийлиги адамдардын укугу тебеленип жаткан маалыматтарды жокко чыгарып, эл өз каалоосу менен терроризм жана диний экстремизмге каршы «кайра тарбиялоо мектебине» барышканын билдирип келет.