Сингапурда канализациядан чыккан суудан сыра жасап башташты

Сингапурда канализациядан чыккан сууну кайра иштетип сыра жасап башташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сыра жасоо алдында агынды сууларды атайын ультрафиолет нурлар менен дезинфекциялап, зыяндуу бөлүктөрдөн арылткан атайын пластинкадан өткөрүшөт. Эксперттердин билдиришинче, канализациялык сууну кайра иштетүү идеясы дүйнөдөгү суу тартыштыгынан улам келип чыккан. Учурда NEWBrew компаниясынын «өзгөчө рецепт» менен жасалган сыралары Сингапурдун дүкөндөрүндө сатылууда.