Сингапурда медкызматкерге жаңылыштык менен коронавируска каршы вакцинанын 5 дозасы бир сайылган

Сингапурда Улуттук офтальмологиялык борбордун кызматкерине жаңылыштык менен беш эселенген коронавируска каршы вакцина бир сайылды. Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына ылайык, окуя 14-январда болгон.

Маалыматта айтылгандай, вакцинаны даярдап, суюлтуу жүргүзүлүп жатканда жооптуу кызматкер тебелеп кеткен. Ал эми башка кызматкер ампулада суюлтулбаган дозаны колдонууга даяр доза деп ката кетирген. Суюлтулбаган вакцина колдонулганын дарыгерлер эмдөөдөн бир нече мүнөттөн кийин билишкен. Эмдөө алган жарандын абалы текшерилип, вакцинанын терс таасирлери жана реакциясы жок экени белгилүү болду. Эмдөө алган медицина кызматкери эки күн ооруканада жатып, абалы турукташкандан кийин чыгарылган.

Сингапурда коронавируска каршы эмдөө өткөн жылдын 30-декабрында башталып, биринчилерден болуп медицина кызматкерлери Pfizer жана BioNTech вакцинасын алып башташкан.