Сирияда Башар Асаддын бийлиги тушунда 10 жыл түрмөдө отурган Ваккас Орханга кыргызстандык дарыгер жардам берген.
“2014-жылы Сирияга соода сатыкка баргам. Мен жана мен сыяктуу жүздөгөн кишини түрмөгө камашты. 3-5 күндө акыл-эсин жоготкондор болуп атты. Себеби түрмөдөгү абал ушунчалык оор эле. Күндө 1 стакан ун жеп тирүү калып жаттык. Мен 35 килограмм болуп калгам. Кабыргаларым бир-бирине тийип, кытырап үн чыгып калганын байкадым», — деди Ваккас.
Ал бир күнү түрмөгө Кызыл Крест уюмунда иштеп, жумуш боюнча келген кыргыз менен таанышып калат.
“Мен да түркмүн. Сени бул жерден чыгарууга күчүм жетпейт, бирок айткандарындын баарын жазып алдым. Сени чыгара тургандарга бул документтерди жеткирем деди кыргыз дарыгер», — дейт мекенине келген Ваккас Орхан.
8-декабрга караган түнү Дамаскка куралдуу оппозициянын согушкерлери кирип барышкан. Башар Асад өлкөнүн борборунан учак менен чыгып кеткен. Эртеси, 9-декабрда анын Орусиядан башпаанек алганы белгилүү болгон.