Сирияда жүздөгөн өспүрүм темир тор артында жашашат

Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш боюнча директору Фабрицио Карбони Сириянын түндүк-чыгышында YPG/PKK террордук уюмдарынын көзөмөлүндөгү түрмөлөрдө жүздөгөн бала кармалганын жарыялады. Бул боюнча чет элдик басылмалар жазып чыкты.

«Соңку 10 жылда сириялыктар олуттуу жоготууларга тушукту. Бул масштабдуу трагедияда өлкөнүн түндүк-чыгышында балдарды коргоо боюнча эң оор кризистердин бири улам тереңдеп бара жатат. Лагерлерде он миңдеген балдар камалып турса, чоңдордун түрмөлөрүндө жүздөгөн өспүрүм, айрымдары 12 жашка чыга электер отурат. Ал түрмөлөр аймакты көзөмөлгө алган YPG/PKK террордук уюмдары тарабынан башкарылат», — дейт Фабрицио Карбони. Ал ошондой эле аталган террордук уюмдардын карамагында болгон Аль-Хол шаарындагы лагерде 60 миңдей адам жашарын жана анын басымдуу бөлүгүн аялдар менен балдар түзөрүн билдирди.

PKK — бул «Partiya Karkerên Kurdistan» деген аталыштагы Күрдистандын жумушчулар партиясы болуп которулат. Түркияда күрддөрдүн саясий укугу үчүн күрөшүп келет жана көп өлкөлөр тарабынан террордук уюм катары таанылган. Күрдистандын жумушчулар партиясынын мүчөлөрү Сирияда YPG (Yekîneyên Parastina Gel — Элдик өзүн өзү коргоо бөлүктөрү) деген аталышка жамынып жүрүшөт.