Сирияда качып кеткен президенттин атасынын табыты өрттөлдү

Сириянын өлкөдөн качып кеткен президенти Башар Асаддын атасы Хафеза Асаддын табыты өрттөлдү. Бул тууралуу Би-би-си жазды.

Маалыматка караганда, табытты сыртка сүйрөп чыгып өрттөп жиберишкен. Табытты кимдер өрттөгөнү айтыла элек. Асаддын атасы 2000-жылы каза болуп, анын сөөгү Кардаха кичи шаарчасындагы үй-бүлөсүнө таандык мавзолейге коюлган. Хафез Асад 1971-жылы Сириянын президенти болуп, 2000-жылы өлгөнгө чейин бул кызматты аркалаган. Андан кийин президенттик кызматка анын уулу Башар Асад келген.

Буга чейин Сириянын Латакия шаарында Башар Асаддын аталаш бир тууганы Сулейман Хилал Асад дарга асылган.