Сирияда зилзаладан кулаган урандылардын астында ымыркай жарыкка келди

Сирияда зилзаладан кулаган урандылардын астында ымыркай жарыкка келди. Ал учурда тартылган видеонун кадрлары соцтармакта жайылды.

Алеппо шаарында урандыларды алып жатышканда эркек бала төрөлгөнү маалымдалууда. Ымыркайды сактап калуу мүмкүн болгону менен анын апасы урандылардын астында калган.