Сириянын экс-президенти Башар Асад Москвага келип, Орусия ага башпаанек бергенин ТАСС Кремлдеги булагына таянуу менен жазды. Ал үй-бүлө мүчөлөрү менен келген. Кийинчерээк бул маалыматты дагы бир мамлекеттик агенттик РИА Новости тастыктады.
«Башар Асад жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Москвага келишти. Орусия гуманитардык көз караштарга таянып, аларга башпаанек берди», — деп айтылат.
8-декабрга караган түнү Дамаскка куралдуу оппозициянын согушкерлери кирип барышкан. Башар Асад өлкөнүн борборунан учак менен чыгып кеткен. 8-декабрда түштөн кийин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Асад “Сирия Араб Республикасынын аймагындагы куралдуу кагылыштардын бир катар катышуучулары” менен сүйлөшүүлөрдөн кийин президенттик кызматтан кетүүнү чечип, өлкөдөн чыгып кеткенин ырастады. Тышкы иштер министрлиги Орусия Асаддын оппозиция менен сүйлөшүүлөрүнө катышкан жок деп белгиледи.