Сириянын чыгып кеткен президентине башпаанек берүү чечимин Путин кабыл алды

Башар Асадга жана анын үй-бүлөсүнө саясий башпаанек берүү чечимин Орусиянын президенти Владимир Путин кабыл алганын анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.

Ошол эле учурда Песков азыр Асаддын кайда экени тууралуу журналисттерге айта турган эч нерсеси жок экенин, аны менен жолугушуу Путиндин расмий графигине кирбей турганын кошумчалады.

Ал ошондой эле Кремлдин Асадга Орусиядан башпаанек берүү боюнча расмий билдирүү жасашынын керексиз экенин белгиледи. «Биз муну кылышыбыз керек эмес», — деди ал.