Сириянын Түркия менен чектешкен жериндеги жер титирөөдө 42 адам каза болду

Сириядагы жер титирөөдө 42 адам каза болуп, дагы 200 киши жаракат алганын өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин жардамчысы Ахмед Дамирия SANA агенттигинин кабарчысына билдирген.

«Жер титирөөнүн кесепетинен Алеппо, Хама жана Латакияда 42 адам каза болуп, 200 адам жаракат алды. Бул сандар азырынча акыркы эмес», — деп айтылат маалыматта.

Алеппо өлкөнүн түндүгүндө, Түркия менен чек арага жакын жайгашкан. Хама Алепподон 120 чакырым түштүктө жайгашкан. 

Ушул эле жер титирөөдөн Түркияда 53 киши каза болгону маалымдалган.