Сиз мындай эрдикти көрдүңүз беле? Катуу суукта өрт өчүргөндөн кийин костюмдун муз болуп тоңуп калган видеосу

Казакстандын Акмола облусунда куткаруучу өрт өчүргөндөн кийин өзүнүн костюму да тоңуп калган видеону казак басылмалары жарыялашты.

Анын тоңуп калган курун балта менен чаап чечишкенин көрүүгө болот.

Коңшу өлкөнүн куткаруучулары акыркы сутка ичинде 887 кишини, үч сутканын ичинде миңден ашуун куткарышкан. Өлкө боюнча 583 өрт өчүрүлүп, 263 авариялык-куткаруу жана издөө иштери жүргүзүлгөн.