Сиздин сүрөтүңүз кандай? Турист паспорттогу сүрөткө жакшы түшкөнү үчүн камалып кете жаздады

Лос-Анжелестин аэропортунда турист документтеги сүрөтү үчүн паспортун жасалмалаган деп шектелгенин Tengritravel.kz билдирди. 30 жаштагы америкалык модель Алиша Мари күлкүлүү кырдаал тууралуу айтып берген. 

Ал рейстен калып, атүгүл, камалып кете жаздаган. Алиша Мари өзүнүн курбусу менен Стамбулга учмакчы болгон. Видеодо блогер аны Лос-Анжелес аэропортунда коопсуздук кызматкерлери токтотушканын, анткени кызматкерлер паспорттогу сүрөттөгү ал экенине ишенишпегенин айтат. 

Бактыга жараша, ал укук коргоо кызматкерлерин документтерди жасалмалоо болбогонун ынандырып, учуп кете алган.  Кийинчерээк ал өзүнүн катталуучуларына эч качан паспортко жакшы түшпөш керек экенин, болбосо аны тааныбай каларын айтты.