Словакияда миңдеген жарандар Орусияга барган өкмөт башчыга каршы митингге чыгышты

Кечээ, 3-январда Словакиянын борбору Братиславада премьер-министр Роберт Фицонун тышкы саясатына миңдеген демонстранттар каршы чыгышты. Ал 2024-жылдын декабрь айында Москвага барып Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан эле.

4000ден ашуун адам «Фицо, Москвага бар, Словакияны жайына кой» жана «Словакия, абайла, оккупация башталды» деген плакаттар менен чыгып, ЕвроБиримдик менен Словакиянын желектерин желбиретти. Катышуучулар «биз Россия эмеспиз» деп кыйкырышты.

Бир күн мурда Фицо Словакиядагы украиналык качкындарга Орусиядан Украина аркылуу газ транзити токтоп турган маалда жардамын кыскартууга даяр экенин билдирип, «Зеленскийдин саботажы» деп атаган.

«Газпром» 1-январдан тарта Украина аркылуу газ берүүнү толугу менен токтотту. Анткени «Украина Нафтогазы» менен «Газпромдун» беш жылдык транзиттик келишим бүткөн.