Словакияда өкмөткө каршы митингдер өтүп жатат

Словакиянын 30 шаарында өкмөткө каршы массалык митингдер өтүп жатат. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык кечээ, 24-январда 100 миңдей киши митингге чыккан.

«Украинага тынчтык» бейөкмөт уюмунун нааразылык акциясынын уюштуруучулары премьердин кызматтан кетишин жана өлкөнүн Орусия менен кызматташуусун токтотууну талап кылышууда», — деп жазат Aktuality басылмасы.

Буга чейин премьер-министр Роберт Фицо Словакияда бийликти кулатуу үчүн Грузиядагы окуяларга жана «Майданга» тиешеси бар чет элдик эксперттер тобу иштеп жатканын билдирген.