Соңку 3 айда эң көп сатылган смартфондордун тизмеси жарыяланды

Canalys аналитиктери 2020-жылдын үчүнчү кварталында көпчүлүк адамдар сатып алган смартфондордун тизмесин жарыялады. Рейтингдин сап башына Apple, Samsung жана Xiaomi компанияларынын моделдери кирген. Тагыраагы, 1-орунду iPhone 11 үлгүсүндөгү смартфон ээлеген. Компаниянын маалыматы боюнча, үчүнчү чейрек ичинде Apple дүйнө жүзү боюнча ушул смартфондун 16 миллионго жакынын сатышкан. 2-орунда iPhone SE турат. Тизменин лидерине салыштырмалуу анын көрсөткүчү кыйла төмөн — 10 миллион. 3-орунду бюджеттик Galaxy A21s ээлеген. Galaxy A11 4-орунда, ал эми Galaxy A51 эң көп сатылган смартфондордун бештигин жабат.

Ошондой эле алдыңкы ондукка Redmi Note 9 (Redmi 10X 4G), Redmi 9, Galaxy A31, Redmi 9A жана Galaxy A01 Core смартфондору кирет.