«14 жылдан кийин кайталанат». Айдын өзгөчө сүрөттөрү жарыяланды

Бүгүн, 31-августка караган түнү Жердин спутниги планетага максималду жакындап, Айдын көгүлтүр жарыктанган көрүнүшү байкалды. Айдын өзгөчө жарыктанган көрүнүшүнүн сүрөт, видеолору соцтармактарда жарыяланды.

Бул түнү жердин спутниги планетага 357 миң чакырымга жакындаган. Бул 2023-жылдын эң чоң толгон айы болду. Мындай көрүнүштү 14 жылдан кийин көрүү мүмкүнчүлүгү жаралары айтылды.