Актауга жакын жерде кыйраган учакта экипаждын беш мүчөсү болгон. Алардын үчөө каза болуп, экөө аман калган. Каза болгондордун бири стюардесса Хокума Алиева экенин Azattyq Rıhy билдирди.
«Тирүү калган жүргүнчүлөр Хокума өз ишин абийирдүүлүк менен аткарып, учактын ичинде дүрбөлөң боло баштаганда жүргүнчүлөрдү тынчтандырганын айтышат. Социалдык тармактарда тараган кадрлардан көрүнүп тургандай, ал жүргүнчүлөргө «баары жакшы болот» деп айтып, акыркы деми чыкканга чейин колдоо көрсөткөн»,— деп айтылат маалыматта.
Стюардесса Хокума Алиеванын атасы азербайжандык маалымат каражаттарына берген маегинде анын кызы тогуз жылдан бери иштеп келгенин билдирди. «Кызым 2016-жылы бул авиакомпанияга жумушка орношкон. Ал тогуз жыл иштеди. 1991-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, балалуу боло элек болчу», — деди атасы.
25-декабарда Казакстандын Актау шаарында Бакудан Грозныйга учуп бараткан учак кулаган. Azerbaijan Airlines авиа компаниясынын Embraer 190 учагында 67 адам болгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram