«Соцтармактын аты ошол бойдон калат». Цукерберг Facebook компаниясынын аталышын өзгөрттү

Facebook бир эле социалдык тармак эмес, WhatsApp, Instagram, Oculus жана башка кызматтардын ээси экенин көрсөтүү үчүн өзүнүн атын Meta деп өзгөртөт. Бул тууралуу Facebook’тун негиздөөчүсү Марк Цукерберг жылдык конференцияда билдирди. 

Анын айтымында, убакыттын өтүшү менен колдонуучулар компаниянын башка өнүмдөрүн колдонуу үчүн Facebook’тун кереги жок болот. «Эми биз үчүн биринчи орунга Facebook эмес, мета аалам чыгат. Мен мурда классикалык изилдөөнү жакшы көрчүмүн, мета деген сөз грек тилинен «кийин» деген сөздөн келип чыккан. Мен үчүн бул сиз ар дайым башка нерсени кура аларыңызды билдирет», — деп түшүндүрдү ал. Бирок Facebook, Instagram социалдык тармактарынын жана WhatsApp мессенжеринин аталыштары ошол бойдон калат.