Советтик жана украиналык эстрада ырчысы София Ротарунун уулу менен небереси Украинадан мыйзамсыз чыгууга аракет кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу украиналык басылмалар жазышты.
Украина менен Молдованын чек арасында армияга чакыруу курагында 8 адам кармалган. Эркек кишилер өлкөсүн коргобоо үчүн Украинанын чек арасынан мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракет кылганы маалымдалган. Кармалгандардын арасында ырчынын уулу жана небереси да болгон.