«Согушту токтотолу». Зеленский Путинди сүйлөшүүгө чакырды

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус президенти Владимир Путинди сүйлөшүү столуна отурууга чакырды. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Владимир Зеленский дагы бир кайрылуу жасаганы айтылат. Ал Евробиримдикке жана башка өлкөлөргө Орусияга каршы киргизилген санкциялар үчүн ыраазычылык билдирди. 

Владимир Зеленский ошондой эле орусиялыктарды аянттарга чыгып, согушту токтотууну талап кылууга чакырды. «Мен дагы бир жолу Орусиянын президентине кайрылгым келет: бүт Украинада салгылашуулар жүрүп жатат. Келгиле, согушту токтотуу үчүн сүйлөшүү үстөлүнө отуралы”, — деп Владимир Путинге кайрылды.