«Токойго көмүп койгон». Орусияда эки кичинекей кызды зордуктоого шектелген жарандын жансыз денеси табылды

Самара облусунда эки кичинекей кызды зордуктоого шектелген жергиликтүү тургундун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Российская газета» жазып чыкты.

Жарандын сөөгү 2-сентябрда табылган. Анын сөөгүн Самаранын Красноглинский районундагы Винта айылынын жанындагы токойго көмүп коюшкан. Ал бычактан алган жаракатынан каза болгон.

Киши өлтүрүүгө 1987-жылы туулган жергиликтүү тургун шектелүүдө. Медициналык-криминалистикалык жана кырдаалдык экспертизалар дайындалды, укук коргоо кызматкерлери күбөлөрдү издеп жатышат.