«Сөөктөрдөн баңгизат жасашат». Африкада мүрзөлөрдү казып жатышат (видео)

Сьерра-Леонеде адамдарды “зомбиге” айландырган жаңы дары пайда болду. Ал адам сөөктөрү менен аралашкан химиялык заттардан жасалат. Бул тууралуу «Прямой эфир» телеграм каналы билдирди.

Мындай дарыларды колдонуу паранойя, галлюцинация, агрессия жана «зомби» жүрүм-туруму менен мүнөздөлөт. Жергиликтүү тургундардын айтымында, буга чейин миңдеген мүрзөлөр ачылган. Сөөктөрдү көмүскөдөгү базардан 2000 долларга сатып алса болот. Өлкө бийлиги кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратканын түшүнүүдө.