«Спирт ичимдигин ичирип…». Орусиялык студентти зордуктоого шектелип 3 жигит кармалды

Москвада полиция медициналык колледждин студентин зордуктоого шектелгендерди кармады. Бул тууралуу Лента.ру жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, окуя 2020-жылдын июль айында болгон. Анда үч жигит 28 жаштагы жабырлануучуга спирт ичимдигин берип, анын алсыз абалынан пайдаланып, жыныстык катнашка барууга мажбурлашкан. Кыз полицияга эми арыз жазган. Текшерүүдөн кийин кылмышка шектүүлөр кармалды. Сурак учурунда алар күнөөлөрүн мойнуна алышкан. Жаштар буга чейин баңгизаты үчүн соттолгону аныкталган.