Sputnik V вакцинасы Өзбекстанда чыгарылат

Орусия менен Өзбекстандын бийлиги республикада Sputnik V коронавируска каршы вакцинасын өндүрүүнү локалдаштыруу жөнүндө макулдашты. Бул тууралуу РИА Новости Орусиянын Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашкого шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, Өзбек тарап вакцина чыгаруучу жерди да аныктаган. Михаил Мурашко Өзбекстанга иш сапары менен барып, ал жерде республиканын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолугушкан.