Стамбулда бир суткада 11 адам жасалма спиртке ууланып каза болгон. Шаардык ооруканаларга жасалма алкоголдук ичимдиктерди ичкенден кийин жалпы 38 адам кайрылышкан, алардын 26сы чет элдик жарандар.
«24 сааттын ичинде ооруканага жаткырылган 38 адамдын 11и каза болду», — деп айтылат басылмада.
Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу каза болгондордун алтысы (беши эркек жана бир аял) өзбекстандыктар экенин билдирген. Алар 35-40 жаштар чамаларында болгон. Алардын бардыгынын артында жашы жете элек балдары калды.