«Зимородок» түрк сериалынын жылдыздары баш кошушту (видео)

«Зимородок» түрк сериалынын үчүнчү сезонду күтүп жаткан күйөрмандар үчүн жагымдуу жаңылык. Тасмада Суна менен Абидиндин ролун ойногон Берил Позам менен Эрсин Арычы чыныгы жашоодо баш кошушту. Үйлөнүү үлпөт той 19-августта Стамбулда өткөн.

Коноктордун арасында көптөгөн кесиптештери: Афра Сарачоглу (Сейран), Мерт Рамазан Дамир (Ферит), Таро Эмир Текин (Кайя), Дирен Полатогуллари (Казым), Ознур Серчелер (Асуман) жана башкалар болду.