Стамбулдагы жардырууга байланыштуу 46 киши кармалды

Стамбулдун Истиклал көчөсүндө алты адам каза болуп, кеминде 81 адам жаракат алган терактты уюштурууга шектелип 46 шектүү кармалган. Кармалгандардын санын Түркиянын Юстиция министрлигинин башчысы Бекир Боздаг ачыктаганын Yeni Şafak гезити жазып чыкты. 

«Бүгүнкү күндө террордук акт боюнча 46 адам кармалды», — деди министр.

13-ноябрда Стамбулдун борбордук райондорунун бириндеги Истиклал жөө адамдар өтүүчү көчөдө жарылуу болду. Муну террордук акт деп божомолдошту. Түрк бийлиги кол салууга шектелген адам тууралуу кабарлады. Маалым болгондой, аял отургучта 45 мүнөттөй отурган. Ал ордунан турганда жарылуу болгон.