Түркиянын Стамбул шаарында 23-апрелде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өлкөнүн расмий органдары табигый кырсык бир катар имараттарга зыян келтиргенин, андан 150дөн ашуун адам жабыркаганын жана күн бою бир нече жолу жер силкингенин кабарлады.
Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепетин жоюу башкармалыгынын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Стамбулдан батыш тарапты көздөй 80 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Ошондой эле Түркиянын парламент спикери Нуман Куртулмуш мекемелерди жана элди Түркияда «босогодо» турган жер титирөөгө даяр болууга чакырды.