Франциянын Страсбург шаарында эки поезддин кагылышуусунан жараат алгандардын саны 50гө жетти. 15 жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Нижний Рейн департаментинин Өрт-куткаруу кызматынын башчысы РенеСилье билдирди.
Окуя болгон жерде 130 өрт өчүрүүчү жана жарандык коопсуздук кызматкерлери иштеди.
Алдын ала маалыматтар боюнча Страсбургдагы эки поезддин авариясы жолду алмаштыруудагы катадан улам келип чыккан. Унаанын айдоочулары жабыркаган жок. Окуя «Gare Centrale» аялдамасында болгон.
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....
30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык,...
Алматынын Медеу районунда жумушчулардын куурап калган газондогу чөптү жашыл түскө боёп жатканын байкашкан. Март айында Krisp_almaty коомчулугу чөптү эле эмес,...