Суданда күйөөсүнүн көзүнө чөп салууга шектелген аялды таш бараңга алуу чечими чыкты

Суданда күйөөсүнүн көзүнө чөп салганы үчүн аялды таш бараңга алуу чечими чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

20 жаштагы Марьям Альсиед Тийраб июнь айында күйөөсүнүн көзүнө чөп салууга күнөөлөнүп кармалган. Мындай чечим Суданда 10 жылдан бери эми катталып жатат. Марьям өкүм боюнча доо арыз жазарын билдирген. Маалыматка ылайык, көбүнчө аялдарга карата чыгарылган таш бараңга алуу өкүмү Жогорку сотко барганда жокко чыгарылат.

Африканын Тынчтык изилдөө борборунун өкүлдөрү мындай өкүм менен ички жана эл аралык мыйзамдар бузулуп жатканын билдирип, Марьямды тезинен бошотууну талап кылышкан. Ошондой эле борбордун өкүлдөрү аялга жактоочуга кайрылууга уруксат берилбей, чечим адилеттүү чыгарылбаганын айтышкан.