Судандагы жер көчкүдөн 1 миңден ашуун адам каза болду

Судандын батышындагы Марра тоолорунда бир айылды кыйраткан жер көчкүдөн кеминде 1000 адам набыт болуп, бир гана адам аман калганын Рейтер агенттиги кабарлады.

Маалыматта жер көчкү 31-августта бир нече күн жааган жамгырдан кийин болгону айтылат.

Суданды боштондук кыймылы каза болгондордун сөөгүн алып чыгууга жардам берүү өтүнүчү менен БУУга жана башка эл аралык уюмдарга кайрылды.