Суэц каналы кырсыктан кийин кеңейтилгени жатат

Суэц каналынын администрациясы «Ever Given» кемеси жараткан кырдаал кайталанбашы үчүн каналды кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Учурда кырсыктан кийин каналды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү изилденип жатат. Контейнер кеме менен болгон авария өзгөчө кырдаалда кризистен чыгуу боюнча тажрыйбалык сабак болду», — деп билдирген каналдын администрациясы.

23-мартта «Evergreen» компаниясынын 400 метрлик «Ever Given» контейнер ташыган кемеси Суэц каналынын эң кууш бөлүгүндө такалып калган. Кеме каналдын жолун бөгөп, андагы кыймылды толугу менен жаап койгон. Ага 18 миңден ашуун контейнер жүктөлгөнү айтылган. Окуядан улам Суэц каналынын кире беришинде 300дөн ашуун кеме топтолуп калган. Африка менен Азияны бөлүп турган Суэц каналы аркылуу бүткүл дүйнөлүк сооданын 12 пайызга жакыны өтөт. Жаратылыш газы, чийки мунайзат экспорту дүйнө жүзү боюнча 5-10 пайызды түзөт.