«Карын эне төрөп берген». 41 жаштагы Пэрис Хилтон биринчи жолу эне болду

41 жаштагы америкалык актриса, ырчы жана модель Пэрис Хилтон биринчи жолу эне болгонун дүйнөлүк басылмалар жазышты. Атактуу бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жарыялаган. 

2021-жылы ал ишкер Картер Реумга турмушка чыккан. Америкалык маалымат каражаттарына берген маегинде Пэрис Хилтон карын эненин кызматынан пайдаланганын айтып, эне болгонуна кубанычта экенин айткан. «Мен ар дайым эне болууну кыялданчумун жана Картер экөөбүз бири-бирибизди тапканыбызга абдан кубанычтамын. Биз үй-бүлөбүздү чогуу баштаганыбызга абдан кубанычтабыз жана жүрөгүбүз наристебизге болгон сүйүү менен жарылып жатат», — деп баса белгиледи ал.