Сауд Арабияда 22-ноябрдан бери нөшөрлөгөн жамгырлар суу ташкынына алып келүүдө. Жаан-чачын дээрлик жаабаган ысык өлкөдө сел жүрүп жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
Интернетте Жидданын тургундары суу каптаган көчөлөрдүн видеолорун жарыялашты. Көчөлөр дарыянын нугуна айланган. Суу адамдар менен кошо унааларды да агызууда.
Аэропорттун, окуу жайлардын иши токтоп калды. Көптөгөн унаалар суу астында калды.