«Суу менен нан жеп жаттым». Казакстанда майып пенсионерди 10 жыл мажбурлап кайыр суратышкан

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Алматылык ыктыярчылар жайма базардан кайыр сурап жаткан аялды табышты. Пенсионер 10 жылдан бери кулчулукта жүргөнүн айтып, жардам сураганын Tengrinews.kz билдирди.

Ачка отурган 66 жаштагы пенсионерди жайма базардан капыстан эле байкап калышкан. Ал кайыр сурап, акчаны эсепке которууну суранган. Шекшип калган ыктыярчылар аны дароо карылар үйүнө алып барышкан. Ыктыярчылардын айтымында, аялды эртең менен базарга алып келип, тилемчиликке мажбурлашкан. Пенсионердин ден соолугуна “ээлери” маани беришкен эмес. Пенсионердин айтымында, кайыр сурап, ысыкта да, суукта да көчөдө жүргөн. Ал нан жана суу менен гана тамактанганын айтты. Ошол эле учурда ал биринчи топтогу майып. 

«Аял киши сабап, аябай кыйнады. Аз акча алып келесиң дейт, мен көп акчаны кайдан табам», — дейт пенсионер. Ыктыярчылардын айтымында, белгисиз адамдар алгач анын инсандыгын тастыктаган документин жана майыптыгы боюнча жөлөк пул алган пенсия китепчесин алып кетишкен. Алар менен байланышууга болгон бардык аракеттерден майнап чыккан эмес. Ал эми полиция кылмыш ишин козгоду.