«Сүйүктүү адамыңыз менен саякаттагыла». 102 жаштагы пенсионер узак жашоонун сыры менен бөлүштү

Эдинбургдун тургуну Кристин Миллер 102 жашында узак жашоонун сыры менен бөлүштү. 

Пенсионердин айтымында, саякат ага узак, бактылуу жана укмуштуу өмүр сүрүүгө жардам берген. Жаш кезинде Кристин Миллер дүйнө жүзүн көп кыдырып, Американы, Азияны изилдеп, атүгүл бир аз убакытка Малайзияга көчүп кеткен.

«Сүйүктүү адамдарыңыз менен дүйнөнү кыдырыңыз, мүмкүн болушунча көп нерселерди көрүңүз. Малайзияда жана АКШда жүргөндө мен көптөгөн укмуштуу окуяларды баштан өткөрдүм»,- деди ал. Миллер Улуу Британиянын маркум ханышасы Елизавета IIнин 100 жылдыгында королдук адамдан алган каты менен өзгөчө сыймыктанат. Азыр пенсионер карылар үйүндө жашайт.