АКШнын Алабама штатында каза болгон сүйүктүүсүнүн мүрзөсүнө гүл койгондугу үчүн жигити айып пулга жыгылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Уинстон Хаганс аттуу америкалык сүйүктүүсүнүн колун сурап, тойго даярданып жаткан учурда кыз каза болгон. Сүйүктүүсүнөн айрылган Уинстон бат-бат мүрзөсүнө гүл алып барып, эскерип жүргөн. Экөөнүн мамилесине каршы болгон кыздын атасы аны «мүрзөгө таштанды чачып жатат» деп сотко арыз менен кайрылган.
Сот Уинстонду күнөөлүү деп таап, «таштанды» үчүн 50 доллар төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Уинстон Хаганс сүйүктүүсүнүн мүрзөсүнө гүл коюп кетүүгө уруксат берүү үчүн кайра сотко кайрылган. Ал жайга кыздын атасы ээлик кылгандыктан, суранычы канааттандырылган эмес.
Хоганс андан кийин деле гүл алып барганын токтотпой, мүрзөдө сүйүктүүсүн эскерип отурган жеринен кармалган. Мындан ары бул жоругун токтотпосо Уинстон темир тор артына түшөрү эскертилген.