«Сүйүнчүгө 55 миң рубль чогултушкан». Орусиядан Тажикстанга учкан учакта кыз төрөлдү

10-январда Жуковский — Душанбе каттамы боюнча учкан «Урал аба жолдорунун» бортунда ымыркай төрөлдү. Төрөт учактын салонунда болгон. Бул тууралуу «Урал авиалиниялары» компаниясы өзүнүн Telegram-каналында жазды.

Жаш эненин толгоосу учак көтөрүлүп баратканда башталган. Стюардессалар ага дароо жардамга барышкан. Компаниянын кызматкери, мурда фельдшер болуп иштеген Надежда Ивакина менен рейстеги жүргүнчүлөрдүн арасында болгон медайым Мадина төрөткөн. 

«Төрөт кыйынчылыксыз өткөндүктөн, учак шашылыш конууга муктаж болгон жок», — деп билдирди «Урал аба жолдору». Душанбедеги аэропортто эне менен ымыркайды Тез жардам бригадасы күтүп, аларга керектүү жардам көрсөткөн. Жүргүнчүлөр да жаш энеге колдоо көрсөтүүнү чечип, сүйүнчү чогулта башташкан. Алар 55 миң рубль жана 3 миң сомони чогултуп беришкен.