Татарстанда 22 жаштагы жигит 53 жаштагы өгөй энесине үйлөнгөнү талкууга түштү (видео)

Татарстанда 53 жаштагы Айсылу Чижевская-Мингалимдин 22 жаштагы асырап алган уулу Даниил менен баш кошкону талкуу жаратты.

Таанышуу 2015-жылы болгон. Анда Айсылу Казандагы балдар үйүндө мугалим болуп иштечү. Ал Даниилдин талантын дароо байкап, окуучу кылган. Бала 14 жашка чыкканда Айсылу аны багып алган. Алар дуэт ырдап, бир топ бийиктикке жеткен. Айсылунун айтымында, алар бири-бири үчүн жаралганын уулу чоңойгондо түшүнгөн.

Жубайлар хейтерлерге маани бербөөгө аракет кылып, алар үчүн эң негизгиси чыгармачылык экенин айтышат. Айсылунун Даниилден башка жети баласы бар, алардын бирөө гана өзүнүкү.