Сүйүүдөн башы айланып. Индиялык инженер пакистандык чалгынчыга ракеталар тууралуу жашыруун маалыматты берип салган

Индиянын Хайдарабад шаарында Коргоо боюнча илимий-изилдөө жана иштеп чыгуу лабораториясында инженер болуп иштеген Малликарджун Редди жумушундагы жашыруун маалыматтарды таратканы үчүн кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Инженер Наташа Рао аттуу кызга ашык болуп, ага баллистикалык ракеталардын иштелип чыгуусуна байланыштуу жашыруун маалыматтарды берген. Кыз чынында пакистандык чалгынчы болуп, инженер менен 2 жыл бою сүйлөшүп, ишенимине кирип, жадакалса турмушка чыгууга макулдугун берген. Сүйүүгө мас болгон инженер «сүйүктүүсүнө» атайын атомдук жер астындагы кемелер үчүн чыгарылган ракеталардын техникалык чийимдеринин сүрөтүн жөнөткөн. Инженердин үйүн тинтүү учурунда пакистандык чалгынчыга маалымат жөнөтүлгөн ноутбук жана 2 телефон табылган.